Кызмат

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу/алмаштыруу

Жалпы жарандык паспортун (загранпаспорт) алууга же алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1. Белгиленген түрдөгү арыз;

2. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк түп нускасы жана көчүрмөсү - (паспорт жоголуп кеткен учурда же болбосо паспорт биринчи жолу берилип жаткан учурда гана керектелет);

3. Никелешүү же ажырашуу тууралуу күбөлүк түп нускасы жана көчүрмөсү. 

Никелешуу же ажырашуу куболугу Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө алынса орус тилине котормосу жана апостиль же болбосо легализация жасатылышы керек.

4. Алмаштырылуучу паспорттун (түп нускасы);

5. Резидент-карта жана көчүрмөсү (икама);

6. Паспорт жоголуп кеткен учурда - полициядан жоголуп кеткендиги тууралуу справка + анын орус тилине расмий эмес котормосу (справканы жашап жаткан райондун полиция участогунан алса болот)

7. Электрон түрүндөгү фото

8. Консулдук төлөм - 30 доллар, 16 жашка чейинки балдарга жана 60 жаштан ашкан жарандарга - 15 доллар

!! Паспорт алынып жатканда, сөзсуз түрдө арыз берүүчү өзү келиш керек!

Каттоо жана паспорт берүүнүн мөөнөтү 1-1,5 ай убакыт түзөт.

Тапшырылган документтер менен маалыматтардын аныктыгы үчүн тапшырган жарандын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген.

Паспорт алуу (алмаштыруу) үчүн зарыл болгон документтердин баарын бергенден кийин гана кароого кабыл алынат.

Жаңы паспорт алуу үчүн документтер (алмаштырууга тийиш болгон) паспорттун мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай калганда кабыл алынат.

Алдын ала банктан консулдук төлөмдү төлөп, квитанциясын алып келүүнү суранабыз. Консулдук төлөм банкта йен менен кабыл алынат.

Элчиликтин банктык  эсеби:

Embassy of the Kyrgyz Republic to KSA

Bank Name: Saudi National Bank (SNB)

Account Holder:

Embassy of the Kyrgyz Republic

Account Number:

68 5000 0222 1802
International Account Number: SA28 1000 0068 5000 0222 1802

 

ЖАРАНДЫК АЛ-АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТОО (ЗАГС)

  1. Туулгандыгы жөнүндө актысын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү.
  2. Никелешүүгө тургандыгы жөнүндө актысын каттоо жана никелешүү күбөлүгүн берүү.
  3. Өлгөндүгү тууралуу актысын каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү.
  4. Никени бузуу актысын каттоо (компетенция чегинде) жана никени бузуу күбөлүгүн берүү.
  5. Аты жөнү алмаштыруу боюнча актысын каттоо (компетенция чегинде).

Эскертүү: Кээ бир учурларда кошумча документтер талап кылынат.

Алдын ала банктан консулдук төлөмдү төлөп, квитанциясын алып келүүнү суранабыз. 

1.  ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУ АКТЫСЫН КАТТОО.

Баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон ата-энеси (же ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны болсо) консулдук бөлүмгө төмөнкү документтерди жөнөтүүсү зарыл:

  1. Баланын төрөлгөндүгүн каттоо жана күбөлүгүн берүү боюнча ата–энесинин бирге жазган  кайрылуу арызы.
  2. Төрөлгөндүгү тууралуу медициналык справка жана анын тастыкталган кыргыз тилине же орус тилине котормосу жана анын легализацияланышы.
  3. Ата-энесинин өздүгүн ырастаган документтер (паспорттору менен консулдук каттоодо тургандыгы тууралу белгилеринин көчүрмөсү) жана Кыргыз Республикасынын ички паспортторунун (ID карта) көчүрмөсү. Консулдук каттоого туруу эрежесин тиешелүү бөлүмдөн таба аласыздар. Ата-энесинин бири башка өлкөнүн жараны болгон учурда, анын балага Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуусуна кат түрүндө жазылган макулдугу жана паспортунун келген өлкөнүн нотариалдык кызматы тарабынан тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.
  4. Ата–энесинин Кыргыз Республикасынан алган никелешүү тууралу күбөлүгүнүн көчүрмөсү. Никелешүү сертификаты чет өлкөдөн алынган учурда, анын нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  5. Баланын 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү бир түстүү сүрөтү.
  6. Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт.

2. НИКЕГЕ ТУРУУ АКТЫСЫН КАТТОО.

Консулдук бөлүм никеге туруп жаткан кайрылуучулардын өздүк катышуусу менен төмөнкү документтерди сунуштаганда гана никеге туруу актысын каттай алат:

  1. Никеге туруп жаткан кайрылуучулардын консулдук бөлүмдүн наамына бирге жазган арызы. Арызда кайрылуучулар өздөрүнүн аты жөнүн, туулган күн/ай/жыл жана туулган жерин, никеге катталуу учурундагы жашын, жарандыгын, улутун, ар бир кайрылуучунун жашаган дарегин, жарандык паспортторунун маалыматын так жазышы керек. Ошондой эле, жазган арызда эки тараптын тең никеге өз эрк калоосу менен туруп жаткан макулдугу, жана никеге турууга эч кандай тоскоолдуктар жок экени жазылышы керек. Мындан тышкары, эки тараптын тең калоосу менен кайрылуучулардын бирөөсүнүн фамилиясы өзгөртүлүп жаткан учурда, бул тууралу маалымат дагы арызда көргөзүлүшү керек.
  2. Никеге туруп жаткандардын өздүгүн ырастаган документтер.
  3. ЗАГСтан алынган жарандык ал-абал тууралу справка: кайрылуучулардын бойдок, күйөөгө тийбеген же үйлөнбөгөнүн көрсөткөн документ. Буга чейин никеге турган болсо, никени бузуу күбөлүгүнүн нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  4. Үйлөнүп жаткандардын бирөөсү/экөө тең жашы жетиле элек болгон учурда (18 жашка чейин), тарбиялап кам көргөн кишилердин (опекун) уруксат кагазы.
  5. Ар бир кайрылуучунун бирден 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү сүрөттөрү.
  6. Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт.

Эскертүү: Никеге туруу актысын каттоо жана никеге туруу күбөлүгүн тапшыруунун мөөнөтү, эки тараптын арызы тапшырылган күндөн баштап – бир ай.

3. ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ АКТЫСЫН КАТТОО МЕНЕН ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ КҮБӨЛҮКТҮ БЕРҮҮ:

Сауд Арабия аймагында өлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлүмүн актысын каттоо үчүн төмөнкү документтер керек:

  1. Өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралу күбөлүктү алуу үчүн кайрылууну жазганга укугу бар жакын адамдын (тууганы, таанышы, достору ж.б.у.с.) арызы. Ал арызда өлгөн адамдын бүт өздүк маалыматы жазылышы зарыл (аты-жөнү, туулган жылы, Кыргызстандагы жана Сауд Арабияда жашаган дареги, өлүмүнүн кырдаал себеби).
  2. Сауд Арабия аймагында өлгөн адамдын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (кайра кайтарылып берилбейт). Паспорт өлгөндүгү тууралуу актысы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
  3. Сауд Арабия өлүм фактысын каттаган тиешелүү органдарынын Өлүмдү каттоо сертификаты (же  наториалдык тастыкталган көчүрмөсү).
  4. Арызды жазган адамдын паспортунун көчүрмөсү.

4. НИКЕНИ БУЗУУ ЖӨНҮНДӨГҮ АКТЫНЫ КАТТОО (компетенция чегинде).

Консулдук бөлүм арыздануучулардын өздүк катышуусунда гана, никеси Кыргыз Республикасында катталган учурда жана бири бирине мүлктүк жана балдары тууралуу пикир келишпестиктер жок болгондо гана никени бузуу жөнүндөгү актыны каттай алат. Никени бузуу актысы түзүү жумушу төмөнкү документтердин болушун талап кылат:

  1. Эки тараптын никени бузуу тууралу бирге жазган арызы. Арызда ар бир арыздануучунун аты-жөнү, туулган күн/ай/жылы жана жери, жарандыгы, жашаган жери, паспорттук маалыматтары так көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле арызда өз эрк калоолору менен ажырашып жатканын, бири бирине мүлктөр жана балдар тууралу талашы жок экенин так көргөзүшү керек.
  2. Никени бузуп жаткан кайрылуучулардын өздүгүн ырастаган документтер.
  3. Никеге туруу күбөлүгү (кайра кайтарылып берилбейт). Бул документ Кыргыз Республикасынын ЗАГС органдарына никени бузуу актысы менен чогуу жөнөтүлөт.

5. АТЫ-ЖӨНҮН АЛМАШТЫРУУ БОЮНЧА АКТЫСЫН КАТТОО (компетенция чегинде).

Кыргыз Республикасынын жарандарынын фамилия, аты-жөнүн алмаштыруу боюнча актысы, 16 жашка жеткен жарандардын арызынын негизинде катталат. 16 жашка  жете электердин атын, берилүүчү фамилиясын, атасынын атын фамилияга алмаштыруу же атасынын атын алмаштыруу боюнча актысы ата-энесинин (же биринин) бирге жазган арызы менен төмөнкү документтердин негизинде гана катталат:

  1. Паспорт менен консулдук каттоодо тургандыгы тууралу белгисинин көчүрмөсү.
  2. Кайрылуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
  3. Никеге тургандыгы тууралу күбөлүгү (эгер кайрылуучу никеде турса).
  4. Жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгер кайрылуучунун жашы жетелек балдары болсо).
  5. Аталыгын аныктаган күбөлүк (эгер кайрылуучунун ЗАГСтан аталыгын аныктаган күбөлүгү болсо).
  6. Мурун фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөн болсо, фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөндөгү тууралу күбөлүгү.
  7. САП же ЕАР аймагында жүрүүгө уруксат берген документтин нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  8. Арыз ээси никеге турганга чейинки фамилиясын никесин бузууга байланыштуу кайтаргысы келген учурда, никени бузуу тууралу күбөлүгү.

Эскертүү: Фамилия жана аты-жөнүн алмаштырууга төмөнкү учурларда уруксат берилет:

1. Фамилиянын, атасынын атынын жана өз атынын угулушу жагымсыз учурда, же аталышы татаал болсо.
2. Жарандык ал-абалдын ар кайсы каттоолорунда аты-жөнү бири бирине ылайык келбеген учурларда документтердин баардыгын иретке келтирүү максаты болсо.
3. Никелешкендердин бири экинчисинин фамилиясын алгысы келсе, бирок никеге туруп жаткан учурда өз фамилиясында калган болсо.
4. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе.
5. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе, бирок никени бузуу актысы катталган учурда бул маселе менен кайрылбаса.
6. Нике бузула элек мезгилинде эле, никеге турганга чейинки өз фамилиясын кайтаргысы келип, биринчи никедеги балдары менен кошо бир фамилияда болууну кааласа.
7. Эгер күйөөсү көз жумган болсо, балдары менен чогуу бир фамилияда болгусу келсе.
8. Эгер тарбиялоого ата-эненин бирөөсү катышпаса, тарбиялангандын фамилиясын алгысы келсе.
9. Эгерде өз атасы тарбиялоого каралашпай жана уул кылып багып алган багып алганын мыйзамдаштыра албаган мезгилде өз калоосу менен өгөй атанын (эненин) же тарбиялаган инсандын фамилиясын, атасынын атын алгысы келсе.
10. Арыздануучуну тарбиялаган чоң-ата, чоң-эне же башка инсандар болуп, алардын атын алып жүрүү калоосу болсо, эгер ата-энеси кайрылуучунун тарбиясына катышпаса, бала кылып багып алуу укугуна ээ болуу мүмкүн эмес болсо.
11. Фамилиясын, атын, атасынын атын, улутка тиешелүү салттык таанымда өзгөртүүгө өз калоосу болсо.
12. Кыргыз улуттук салты менен жазылган «кызы» жана «уулу» сөздөрүнүн ордуна, жалпы колдонулган аягы «-ов», «-ев», «-ова», «-ева» сөздөрү менен бүткөн фамилияга алмаштырууну кааласа.
13. Атасынын, чоң атасынын аттарынан куралган фамилияны алып жүргүсү келсе.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын
СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 2192018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 3262022-жылдын 19-октябрындагы № 579 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.

4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.

4-1. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.

5. Консулдук иш-аракеттер зарыл болгондо жана арыз ээсинин өтүнүчү боюнча консулдук мекемеден сырткары аткарылышы мүмкүн, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары жогорулатылат, бирок эки эседен ашык эмес. Арыз ээси консулдук иш-аракеттерди аткаруунун жерине барууга байланышкан чыгымдарды төлөйт.

6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.

7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долл.)

1

Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

- анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

30

2

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

 

 

1) бир жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

50

 

2) бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

10

 

3) бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

5

 

4) көп жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

60

 

5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

15

 

6) көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

10

 

7) транзиттик визаны тариздөө:

 

 

- беш суткага чейин

25

 

8) чыгуу визасын тариздөө; визаны жаңы жүрүү документине которуу

70

 

9) ар бир кишиге визалык колдоону тариздөө

5

3

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти мыйзамдаштыруу:

 

 

1) жеке жактардан – Кыргыз Республикасынын жарандарынан

5

 

2) жеке жактардан – чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан

50

 

3) юридикалык жактардан

100

 

4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары бирге көрсөтүлгөн ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн жеке жактардан

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө

510

6

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө

10

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгынын фактысын аныктоо):

 

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

10

 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн;

50

8

Жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттоо:

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү

10

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка)

50

 

3) аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу материалдарды каттоо жана тариздөө

10

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

10

10

Ишеним кат берүү:

 

 

1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна

10

 

2) кредиттик операцияларды аткарууга

10

 

3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга

10

11

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

20

12

Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу

25

13

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документин берүү

40