10 января 2021 года состоятся досрочные выборы Президента Кыргызской Республики и Референдум по определению формы правления Кыргызской Республики.

3407

Урматтуу шайлоочулар!

2021-жылдын 10-январына (жекшемби) Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болот.

Сауд Араб Падышачылыгында добуш берүү эртең мененки саат 08.00дон кечки саат 20.00го чейин Кыргыз Республикасынын Элчилигинде жайгашкан №9045 шайлоо участкасында өтөт.

 

Маанилүү!

Добуш берүүгө консулдук жана биометрикалык каттоосу бар жана шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Ушуга байланыштуу өзүңөрдү алдын ала «Тизме» -https://tizme.gov.kg шайлоочулар тизмесинин порталынан текшерип алууга чакырабыз.

Добуш берүү үчүн сөссүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун (оригинал) бирин көрсөтүү зарыл, алар ички паспорт (ID), жалпы жарандык, дипломатиялык жана жарандык паспорттор.

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Кадырбаев Жоомарт – №9045 УШК.

тел.: +966582849030

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK