“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) – 2021-жылдын 11-апрели

3396

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде, жекшемби күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Сауд Арабия Падышачылыгында убактылуу/туруктуу  жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинде (№ 9045 УШК) шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөдөгү консулдук каттоодо турган  жарандар автоматтык түрдө тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоого турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар Элчиликтин дарегине добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда Элчилик арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Арыз менен кайрылууну 2021-жылдын 27-мартына чейин жасоо зарыл.

Каттоого алуу үчүн консулдук төлөмдөр алынбайт.

№ 9045 шайлоо участогундагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда добуш берүү үчүн шайлоочулардын алдын ала Тизмеси

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жана Элчиликтеги шайлоо участоктогунда жайшагтырылган.

Аталган маселеге карата кандайдыр бир суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинин жооптуу кызматкери менен төмөндөгү байланыш контактары аркылуу кайрылууну сунуштайбыз: +966 11 2293272, +966583769945, +996 707 911611 «WhatsApp».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK