Сауд Арабия убактысы боюнча саат 20:00дө Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигиндеги № 9045 шайлоо участкасында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум аяктады

3139

Сауд Арабия убактысы боюнча саат 20:00дө Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигиндеги № 9045 шайлоо участкасында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум аяктады.

Сауд Арабия аймагында жашап жаткан жана № 9045 шайлоо участогунун тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары эрте менен саат 08:00дөн тартып референдумга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Добуш берүү тынч кырдаалда, белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана коронавирустук кырдаалга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарына ылайык өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK