Сауд Арабия Падышачылыгындагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Муса Кочорбаевдын Сауд Арабия Падышачылыгынын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламент) парламенттер аралык достук тобунун Онунчу Комитетинин Төрагасы Али бин Мухаммад Аль-Асири жана аталган Комитеттин мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү

2855

2021-жылдын 1-июнунда, Сауд Арабия Падышачылыгындагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Муса Кочорбаевдын Сауд Арабия Падышачылыгынын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламент) парламенттер аралык достук тобунун Онунчу Комитетинин Төрагасы Али бин Мухаммад Аль-Асири жана аталган Комитеттин мүчөлөрү менен видео байланыш форматында жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле парламеннттер аралык кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу багыттары талкууланды.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык маселелерине, эки тараптуу иш сапарларды уюштурууга, Сауд Арабия компанияларынын Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорго катышуусуна, эки тараптуу туризмди жана ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара соода жарманкелерин жана көргөзмөлөрүн өткөрүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы түз авиактаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар үзгүлтүксүз негизде түз байланышты улантып турууну макулдашты.

Маалымат катары: Сауд Арабиянын Аш-Шура (Парламент) парламенттер аралык достук тобунун  Онунчу комитети 13 мүчөдөн турат. Парламенттер аралык достуктун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларга төмөнкү мамлекеттер кирет: БАЭ, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Йемен, Кытай, Корея Республикасы, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK