Жарыя

2692

            Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги эссе, поэзия окуу, ырдоо жана улуттук музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынак жарыялайт.

Эссе, поэзиялар жана ырлар “Мекеним Кыргызстан” темасына арналуусу зарыл.  

Аткаруулар малекеттик жана расмий тилдерде 2021-жылдын 20-августуна чейин azamanu@gmail.com электрондук дарегине кабыл алынат (эссе – “Word” түрүндө, поэзия окуу, ырларды аткаруу жана улуттук музыкалык аспаптарда ойноо – “видео” түрүндө). Сынакка Сауд Арабия жана Египет өлкөлөрүндөгү бардык Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Элчилик тарабынан байгелүү орундар жана белектер каралган.

 

         Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы Элчилигинин жааматы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK