Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара жана ошондой эле Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү

2230

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара жана ошондой эле Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү, Сауд Арабиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлери, саудиялык компаниялардын жетекчилери, ошондой эле Эр-Рияд шаарында жашаган кыргызстандыктар катышты.

Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан берки тарыхы боюнча презентация уюштурулуп, конокторго жана катышуучуларга Кыргызстан тууралуу видео көрсөтүлдү.

Кеч жылуу жана достук маанайда өттү, коноктор жана катышуучулар Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Элчиликке жана жалпы Кыргызстан элине куттуктоолорун жана каалоолорун айтышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK