Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

2401

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

Сауд Арабия Падышачылыгында убактылуу/туруктуу  жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинде (№ 9045 УШК) шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөдөгү консулдук каттоодо турган  жарандар автоматтык түрдө тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоого турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар Элчиликтин дарегине 2021-жылдын 15-ноябрына чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрыла алышат:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин) мурда Кыргызстанда же Элчиликте тапшырган болсо, консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы жана мөөнөтү жарактуу паспортунун көчүрмөсүн kgembassy.sa@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүү жетиштүү.

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда  Элчиликке жарактуу улуттук паспорту менен келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери) тапшырып, консулдук каттоодон өтсө болот.

Каттоого алуу үчүн консулдук төлөмдөр алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгаштырылган.

Шайлоочулардын тизмесине кирбеген жарандар шайлоого катыша албайт.

Добуш берүү үчүн шайлоочунун жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту болуусу зарыл.

Аталган маселеге карата кандайдыр бир суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинин жооптуу кызматкери менен төмөндөгү байланыш контактары аркылуу кайрылууну сунуштайбыз: +966 11 2293272, +966583769945, +996 707 911611 «WhatsApp».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK