16 жашка чыга элек баланын жалпы жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтү тууралуу

2205

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров 2021-жылдын 13-сентябрынын №116 сандуу «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Белгиленген Мыйзамга ылайык, 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй жарактуулук мөөнөтү менен жол-жоболоштурулат:

- бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;

- бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө.

Белгиленген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, башкача айтканда 2021-жылдын 24-декабрынан баштап. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK