2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу маалымат

2412

Урматтуу мекендештер, Сиздерди 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо активдүү жарандык позицияңызды көрсөтүп, катышууңуздарды суранабыз.

Чет өлкөдө шайлоо партиялар боюнча гана өткөрүлөт, партияны жана өзүңүдүн талапкериңизди тандайсыз, кайсыл талапкер кайсыл номерде жана кайсыл партияда экенин https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary шилтеме аркылуу билсениз болот.

Өзүңдү https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml порталында, №9045 (Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги) шайлоо участогунун тизмесинен текшерсеңиз болот.

Урматтуу мекендештер, шайлоого катышуу үчүн жаныңыздарда паспорт (чет өлкөдө колдонуучу паспорт же ID-карта) болушу керек.

Шайлоо участкасынын дареги: Эр-Рияд шаары, Алсафарат р., Амр Аль Дамри көч., № 6575 (Элчиликтин имараты).

Шайлоо COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык иш-чараларды сактоо менен өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK