КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Египеттин Жогорку билим жана илимий изилдөөлөр министри Халед Абдель-Гаффар менен жолугушту

1471

2021-жылдын 9-декабрында Каир шаарында Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюмунун (ИСЕСКО) Башкы конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Египет Араб Республикасынын Жогорку билим жана илимий изилдөөлөр министри Халед Абдель-Гаффар менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, билим берүү жана илим жаатында эки тараптуу документке кол коюу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Билим берүү министрлиги аркылуу өз ара иш сапарларды уюштуруу жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK