Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Булуңдун араб мамлекеттеринин Кызматташуу кеңешинин Башкы катчысы Абдулатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.
2019-жылдын 28-февралында Сауд Арабия Королдугуна болгон иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Булуңдун араб мамлекеттеринин Кызматташуу кеңешинин (ССАГЗ) Башкы катчысы Абдулатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.
Министр Башкы катчыга өзүнүн Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын негизги жыйынтыктары жана анын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар жөнүндө маалымдады.Ал Кыргызстандын ССАГЗга бардык мүчө-мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүү, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, азыркы чакырыктар жана коркунучтарга каршы күрөшүү форумдарынын алкагында өз ара аракеттенүүгө кызыгуусун билдирди.
Өз кезегинде, Башкы катчы А.Аль-Заяни Уюмдун бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык көрсөткөн Борбор Азиялык өлкөлөр менен өнөктөштүктү жөнгө салууга даяр экендигин тастыктады.