2019-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.К.Жумабаев Сауд Араб Падышачылыгынын Маджлис Аш-Шуранын депутаты
2018-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.К.Жумабаев Сауд Араб Падышачылыгынын Маджлис Аш-Шуранын депутаты, Кыргызстан менен болгон парламенттик достук топтун жетекчиси Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса мырза менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгын мындан ары активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин анын ичинде соода-өнөржай жана туризм жаатын белгилеп кетишти. Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса мырза, Маджлис Аш-Шур Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши менен мамилелерин активдештирүүгө кызыктар экендигин баса белгилеп кетти.
Өз кезегинде Элчи, Кыргызстандагы саясий жана экономикалык абал тууралу кыскача маалымат берип, Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса мырзага эки мамлекеттин ортосундагы мамилелелердин бекемделишине кошкон зор салымын баса белгиледи.