Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин орун басары Халид Фейсал Аль-Сехлиге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

1381

2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Халид Фейсал Аль-Сехлиге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Министрдин орун басары Х.Аль-Сехли Элчи У.Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-сауд мамилесин мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Элчи У.Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптын күн тартибинде турган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги пландаштырылган сапарларды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK