Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келет

1370

2022-жылдын 20-21-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келет.

Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдык маарекесинде боло турган расмий сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров жана тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK