Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин орун басары Валид бин Абдулкарим Аль-Хурейжи менен жолугушту

1102

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов 2022-жылдын 23-августунда Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин орун басары Валид бин Абдулкарим Аль-Хурейжи менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, бийик жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасынын инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана социалдык-экономикалык чөйрөнү жакшыртууда Сауд Өнүктүрүү Фондусунун маанилүү ролун белгилеп, Чолпон-Ата шаарында 3-4-августунда Араб координациялык тобунун катышуусунда Төртүнчү тегерек стол ийгиликтүү өткөнү тууралуу кыскача маалымат берди.

Ошондой эле Элчи кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүн жогору баалап, мамилелерди мындан ары активдештирүүгө жана аларды сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө чакырды.

Элчи У.Марипов соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу, Ишкерлер кеңешин түзүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана КРнын жарандарына Сауд Арабиянын электрондук туристтик визасын берүү маселесин тез арада чечүү зарылдыгына токтолду.

Андан тышкары ал бийик жана эң жогорку деңгээлдеги жумушчу жана расмий сапарлар, кыргыз-сауд бизнес форумунун экинчи жыйыны жана кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны сыяктуу алдыдагы айларга белгиленген иш-чараларды сапаттуу даярдоо зарылдыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин орун басары В.Аль-Хурейжи Падышалыктын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну бардык өз ара пайдалуу багыттарда кеңейтүү ниетин ырастады.

Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасына канааттангандыгын билдирип, В.Аль-Хурейжи бир тууган мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чыңдоого көмөктөшүүчү пландаштырылган, туристтердин агымын көбөйтө турган, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдай турган, сооданын көлөмүн көбөйтө турган иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырууга Тышкы иштер министрлигинин ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошону менен бирге ал ЭКСПО-2030ду өткөрүүгө Сауд Арабиянын талапкерлигин колдогону үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу достук жана жылуу маанайда өттү. Жыйынтыгында тараптар ар дайым байланышта болуп, эки тараптуу алакаларды мындан ары да чыңдоого макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK