Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Инвестиция министринин орун басары Мухаммад Аль-Хассна менен жолугушту

1098

2022-жылдын 25-августунда Кыргызстандын Сауд Аравиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Инвестициялар министринин орун басары Мухаммад Аль-Хассна менен жолугушуп, аны менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулады.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы чоң соода-экономикалык потенциалды канааттануу менен белгилешти. Буга байланыштуу тараптар өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабиянын жеке секторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда ар кандай иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Тактап айтканда, Элчи У.Марипов Кыргызстанда 2022-жылдын аягына чейин кыргыз жана сауд ишкерлеринин катышуусунда өтүшү пландалган кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун даярдоо жана жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Элчи ошондой эле алдыда боло турган бизнес форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүүнү жана анын биринчи жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү жана араб инвесторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында, Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сауд Арабия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жакынкы аралыкта боло турган эң жогорку деңгээлдеги байланыштарда кол коюуга даярдоону сунуштады.

Өз кезегинде Сауд Арабиясынын Инвестициялар министринин орун басары М.Аль-Хассна кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүн жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия ортосундагы мамилелерди мындан ары активдештирүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого чакырды. Ал эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган алдыдагы иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Элчиликке ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция чөйрөсүндө эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча тыгыз иштерди улантуу, ошондой эле үзгүлтүксүз негизде түз байланыштарды жүргүзүү боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK