КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Төрагасы Ажлан бин Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту

974

2022-жылы 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Төрагасы Ажлан бин Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилешип, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу тараптар, быйыл кыргыз-сауд экинчи бизнес форумун жана биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашышты.

Министр Ж.Кулубаев, Кыргыз Республикасынын энергетика, жер казынасын пайдалануу, мейманкана бизнеси жана башка чөйрөлөрдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, ошондой эле кыргыз тараптын Сауд Арабияга ата мекендик продукцияны экспорттоону көбөйтүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына басым жасалып, туризм тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланышта болуп, кыргыз-сауд ишкерлер Кеңешин түзүү боюнча келишимди кол коюуга даярдоону макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK