Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министри доктор Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту

843

«Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия» стратегиялык диалогунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министри доктор Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.

Тараптар Ж.Кулубаевдин ушул жылдын июнь айында Бахрейнге болгон расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилешти жана жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну улантууга макулдашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономика, инвестиция, каржы жана туризм чөйрөсүндөгү келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия жана бизнес кеңешин түзүү боюнча ишти улантууга макулдашты.

Ж.Кулубаев кыргыз тарап үстүбүздөгү жылы КРнын Президентинин Бахрейнге расмий сапарын уюштурууга даярдык көрүп жатканын билдирди. А.Аль-Заяни Бахрейндин жетекчилигинин атынан бул сапарды кубаттады.

Мындан тышкары, Ж.Кулубаев Бахрейн тарапты 2022-жылдын 19-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында тоолуу өлкөлөргө арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Алдыда боло турган иш-чараларга сапаттуу даярдануу үчүн Ж.Кулубаев ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейндеги Элчиси У.Мариповдун тез арада аккредитацияланышын күтөрүн билдирди, ага А.Аль-Заяни жооп жакын арада берилерине ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Ж.Кулубаев бахрейндик кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, А.Аль-Заяни жакын арада барууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK