Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри доктор Ахмад Аль Сабах менен жолугушту

856

«Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия» стратегиялык диалогунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри доктор Ахмад Аль Сабахдын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы туризм тармагындагы тыгыз кызматташтыкты канааттануу менен белгилешип, буга далил катары – Кыргыз Республикасына кувейттик туристтердин агымынын көбөйгөндүгүн жана туруктуу түз аба каттамдары уюштурулуп жаткандыгын белгилешти. Ортодогу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында Кувейт Мамлекетине Ысык-Көлдүн жээгинде жыл бою иштей турган заманбап эс алуу жайын куруу сунушталды.

Мындан тышкары саясий диалогду чыңдоо жана эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн, тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ниетте өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашышты.

А.Аль Сабах Кыргыз Республикасы менен стратегиялык диалог түзүүгө даяр экенин жана буга байланыштуу жакынкы келечекте Кыргызстанга келүү ниети бар экендигин билдирди. Ошондой эле ал кыргызстандык кесиптешин Кувейтке келип кетүүгө чакырды. Ж.Кулубаев кувейттик тараптын сунушун жогору баалап, Кувейттин Тышкы иштер министринин визити Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Кувейтке боло турган расмий сапарын даярдоого жакшы негиз болорун баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Кулубаев Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасындагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз кезегинде А.Аль Сабах бул багытта жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Ж.Кулубаев БУУнун шайлоо органдарынын алкагында Кыргызстандын талапкерлигин колдоп берүүнү өтүнүп, ага кувейттик тарап керектүү жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Ж.Кулубаев Кувейттин Тышкы иштер министринин Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарынын алкагында Кыргызстанда Кувейттин Элчилигин ачууну сунуштады. Өз кезегинде А.Аль Сабах Кувейт Өкмөтү жакын арада Элчилик ачуу боюнча оң чечим кабыл аларын ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK