Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Сауд Арабиянын Инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушту

856

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Сауд Арабиянын Инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Министр Ж.Кулубаев эки тараптуу кызматташуунун жогорку жана прогрессивдүү динамикасын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ушул жылы Сауд Арабияга боло турган расмий сапарынын алкагында, эки тараптуу маанилүү келишимдерге кол коюу пландалып жаткандыгын маалымдады.

Министр Х.Аль-Фалих саудиялык тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирип, ушуга байланыштуу конкреттүү инвестициялык сунуштарды кароого жиберүүнү өтүндү.

Ошондой эле Сауд Арабиянын Инвестиция министри Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана курулушуна катышууга даяр экенин билдирди.

Министр Х.Аль-Фалиха энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм, логистика, инфраструктураны өнүктүрүү ж.б.у.с. тармактардагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн, ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жумушчу топ жиберээрин ишендирди.

Өз кезегинде Министр Ж.Кулубаев, маектешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Министр Х.Аль-Фалих аталган чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечектеги конкреттүү соода-экономикалык долбоорлордун пайдубалын даярдоого тийиш болгон Сауд Арабиянын жумушчу тобунун иш сапарынан кийин Кыргызстанга келээрин убада кылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK