Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестициялар министринин орун басары Бадр бин Ибрагим Аль-Бадр менен жолугушту

839

2022-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестициялар министринин орун басары Бадр бин Ибрагим Аль-Бадр менен жолугушту.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Эр-Рияд шаарында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестициялар министри Халид Аль-Фалихонун жолугушуусунун жыйынтыгын канааттануу менен белгилешти.

Тараптар Ишкер кеңешин түзүү жана алдыда боло турган кыргыз-сауд бизнес форумун талкуулашты. Ошондой эле, тараптар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү, өлкөнүн инвестициялык потенциалдары, анын ичинде ири улуттук долбоорлор, объекттер жана эки тарапты кызыктырган башка тармактар менен таанышуу максатында жакынкы аралыкта Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестициялар министрлигинин жумушчу тобунун Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK