Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын “Fly Nas” авиакомпаниясынын аткаруучу директору Бандар Аль-Моханна менен жолугушту

969

Кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Сауд Арабиясы Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун саудиялык “Fly Nas” авиакомпаниясынын аткаруучу директору Бандар Аль-Моханна менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи У.Марипов менен авиакомпаниянын аткаруучу директору Б.Аль-Моханна эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аба транспорту тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Элчи У.Марипов Кыргызстандын туристтик потенциалы, Булуңдагы араб өлкөлөрүнөн, анын ичинде Сауд Арабиясынан Кыргыз Республикасында эс алууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыгы, өлкөлөр ортосундагы соода-сатыктын көлөмүнүн көбөюшүнө жана туристтердин агымынын өсүшүнө түзмө түз таасир берген туруктуу авиакаттамдарды ачуу зарылдыгы тууралуу кеңири айтып берди.

Өз кезегинде Б.Аль-Муханна Элчинин өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын болушу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор таасирин тийгизет деген пикирине кошулуп, буга байланыштуу авиакомпаниянын өлкөлөр ортосунда аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даяр экенин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-сауд мамилелерин өнүктүрүү боюнча кызматташууну арттыруу, ар кандай иш-чараларды биргелешип өнүктүрүү, анын ичинде “Fly Nas” аваикомпаниясынын делегациясынын Кыргыз Республикасына сапарын эң жакынкы аралыкта уюштуруу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK