Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу кагылыштын кесепетинен каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн ачылган Көңүл айтуу китеби тууралуу
2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу кагылыштын кесепетинен каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн 2022-жылдын 19-сентябры Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу, 2022-жылдын 19-сентябрында саат Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинде Көңүл айтуу китеби ачылды.
Сауд Арабия Падышалыгында аккредитацияланган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары жана кызматкерлери көңүл айтуу китебине өз жазууларын калтырышты.