Элчилик Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестициялар министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Сауд Арабиянын ири компанияларынын ортосунда видеоконференц-байланыш форматында бир катар жолугушууларды уюштурду

1478

2022-жылдын 20- жана 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы (мындан ары САП) Элчилиги САПтын Инвестициялар министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Саудиянын ири компанияларынын ортосунда видеоконференц-байланыш форматында бир катар жолугушууларды уюштурду.

Тактап айтканда, Саудиянын «Fly Nas» авиакомпаниясынын катышуусунда КРнын Жарандык авиация боюнча департаменти менен САПтын Жарандык авиация боюнча башкы агенттигинин ортосунда, КР Энергетика министрлигинин жана Саудиянын «Acwa Power» компаниясынын ортосунда, Саудиянын «Salic» ири мамлекеттик компаниясынын катышуусунда КР Айыл чарба министрлиги менен «Rajhi International» компаниясынын ортосунда, ошондой эле КРнын Маданият министрлигине караштуу Туризм департаменти менен Саудиянын «Seera Group» жана «Al Hokair» сыяктуу алдыңкы туристтик компанияларынын ортосунда жолугушуулар уюштурулду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климат, чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы улуттук жана ири инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Саудия тарапты кызыктырган тармактар боюнча презентацияларды өткөрүштү. Мындан тышкары, республиканын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар жана мындан аркы аракеттер боюнча пикир алмашуу болду.

Саудиялык тарап кызматташууга кызыкдар экенин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар бул багыттагы, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана регулярдуу аба каттамдарды ачуу боюнча ишти улантууга, ошондой эле үзгүлтүксүз негизде түз байланыштарды кармап турууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK