КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолугушту

685

2022-жылдын 7-ноябрында Эр-Рияд шаарында Биринчи Кыргыз-Сауд Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелердин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолугушту.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча кадамдарды талкуулашты.

В.Аль-Хурейжи кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн өткөрүлүп жаткан Биринчи саясий кеңешмелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Тышкы иштер органдарынын жетекчилеринин быйылкы жылдагы өз ара расмий сапарларын эске алуу менен тараптар жакын арада Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштуруу боюнча күч-аракеттерди багыттоону макулдашышты.

Тараптар ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешип, жаңы долбоорлорду алдыга жылдырууга басым жасашты.

Жолугушуунун соңунда А.Мадмаров В.Аль-Хурейжини Кыргыз Республикасына ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK