Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиясынын Тышкы соода боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад Аль-Абдульжаббар менен жолугушту

756

2022-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Сауд Арабиясынын Тышкы соода боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад Аль-Абдульжаббар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын тышкы соода тармагындагы кызматташтыгынын абалын жана келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана болгон потенциалды натыйжалуу пайдалануу боюнча зарыл чараларды көрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Марипов Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы товар жүгүртүү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 эсеге өсүп, 1 миллион 255 миң АКШ долларын түзгөнүн канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге Элчи жакында өлкөлөр ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдары ачыла тургандыгын эске алып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө биргелешкен күч-аракетти жумшоого чакырды.

М.Аль-Абдульжаббар кыргыз тараптын сунуштарын кубаттап, аларды илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди, ошондой эле Сауд Арабиясынын Кыргызстан менен бардык тармактарда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ар кандай экономикалык жана инвестициялык долбоорлорго сауд тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, эки өлкөнүн соода байланыштарын чыңдоо үчүн кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK