Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиясынын Мамлекеттик аудиттин жогорку органынын Төрагасы Хусам бин Абдулмухсин Аль-Ангари менен жолугушуу өткөрдү

692

2022-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Сауд Арабиясынын Мамлекеттик аудиттин жогорку органынын Төрагасы Хусам бин Абдулмухсин Аль-Ангари менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Элчи У.Марипов сауд тарапты ИНТОСАИдин Араб өлкөлөрүндөгү Регионалдык уюмунун (ARABOSAI) Төрагасынын статусуна ээ болушу менен куттуктап, жаңы макам туруктуу өнүгүүгө жана Жогорку аудит органдарынын потенциалын жогорулатууга салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге, эсептөө коллегияларынын ортосунда түзүлгөн байланыштарды жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү канааттануу менен белгилеп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик аудиттин жогорку органы ушул маанайда кызматташууну кеңейтүүгө, АЖО ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошууга, ошондой эле натыйжалуулуктун аудитин жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин билдирди.

Элчи У.Марипов ошондой эле КРдин Мамлекеттик аудиттин жогорку органынын материалдык-техникалык базасын жабдууга жана чыңдоого көрсөткөн колдоосу үчүн САПтын Мамлекеттик аудиттин жогорку органынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Х.Аль-Ангари Элчини жаңы жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, КРдин жетекчилиги тарабынан анын алдына коюлган бир тууган эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгын көздөгөн максаттарга жетүү үчүн ийгиликтерди каалады.

Ошону менен бирге ал САПтын Мамлекеттик аудиттин жогорку органынын КРдагы шериктештери менен жемиштүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин, ошондой эле зарыл жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди. Ал келерки жылы өлкө менен жакындан таанышуу жана кызматташуунун жаңы багыттарын издөө максатында Кыргыз Республикасына баруу ниетин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттик аудиттин потенциалын өнүктүрүү жана профессионалдык тажрыйба алмашуу максатында Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабиясынын Мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууну даярдоо жана ага эң жогорку деңгээлдеги сапарлар учурунда кол коюу боюнча биргелешип иштөөнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK