Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиясынын Маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен жолугушту

693

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасында жана Сауд Арабиясында маданият жана кино күндөрүн өз ара өткөрүү, Борбордук Азия мамлекеттеринин маданият ишмерлеринин катышуусунда биргелешкен Эл аралык жаштар форумун уюштуруу жана чыгармачыл делегациялар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда маданият тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуну тездетүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда Элчи У.Марипов Фахад Аль-Канаанды Кыргыз Республикасына ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK