Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестициялар министри менен жолугушту

713

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына жумушчу сапарынын алкагында Сауд Арабия Падышалыгынын Инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушту.  

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, атап айтканда, энергетика, туризм, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу жана башка тармактарда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагындагы кызматташууну талкуулашты.   

Ошондой эле Сауд Аравия Королдугунун Инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр башында турган Сауд Аравиянын инвестициялык делегациясынын Кыргыз Республикасына боло турган иш сапары талкууланды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары аталган сапар биздин республиканын инвестициялык долбоорлору менен кеңири таанышуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.  

Өз кезегинде Инвестиция министри кыргыз-сауд кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, Саудия тарап инвестицияны өнүктүрүү жаатында биргелешип иштөөгө даяр экендигин кошумчалады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өлкөлөр ортосундагы тыгыз кызматташууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK