Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Арабия ПадышалыгынынТышкы иштер министри менен жолугушту

764

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына жумушчу сапарынын алкагында 24-ноябрда Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул жаатта үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында Эр-Риядда эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын катышуусунда өткөн кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин ишинин жыйынтыгы оң бааланды. Анын жыйынтыгында тараптардын жакынкы жана орто мөөнөттүү келечектеги иш-аракеттерин камтыган Протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакынкы арада Сауд Арабия Падышалыгына расмий сапарын уюштуруу маселесин, ошондой эле Сауд Аравиянын алдыңкы компанияларынын Кыргызстанга боло турган иш сапарын талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK