КРдин Сауд Арабия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышачылыгынын ТИМдин Азия өлкөлөрү департаментинин жаңы дайындалган Башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушту

778

2022-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышачылыгынын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү департаментинин жаңы дайындалган Башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушту.

Маектештер эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуда эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулуп, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн борборлорунда болуп өткөн ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды, өзгөчө тышкы иштер министрлеринин өз ара расмий сапарларын, ТИМдер аралык саясий кеңешмелерин, парламенттер аралык достук топторунун сапарларын, Кыргыз-Сауд бизнес форумун, кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкесин, биргелешкен Кыргыз-Сауд кызматташтык комитетинин 3-жыйынын, ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган башка эки тараптуу иш-чараларды канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Элчи У.Марипов менен М.Алматрафи тыгыз макулдашылган бирдиктүү ишти улантууну, ошондой эле алдыдагы бийик деңгээлдеги сапарлардын алкагында кол коюуга пландаштырылып жаткан түрдүү тармактардагы документтердин долбоорлорун илгерилетүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK