КРнын Бахрейн Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Мариповдун Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн Бахрейн Падышачылыгынын Тышкы иштер министри доктор Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяниге тапшыруу аземи болуп өттү

839

2022-жылдын 21-декабрында резиденциясы Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн Бахрейн Падышачылыгынын Тышкы иштер министри доктор Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяниге тапшыруу аземи болуп өттү.

Аземдин жүрүшүндө Элчи У.Марипов Бахрейндин Падышасы Хамад бин Иса Аль-Халифага жана Бахрейн элине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Элчи У.Марипов ошондой эле КРдин Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин саламын Министр А.Аль-Заяниге жеткирип, Бахрейн Падышачылыгынын жакында болуп өткөн Улуттук күнү менен куттуктады.

Элчи У.Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө эки дос өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча КРдин Президенти тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде Министр А.Аль-Заяни КРдин Тышкы иштер министрине өзүнүн саламын коштоо менен, Элчи У.Мариповдун дайындалышы менен куттуктады жана анын бул жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-бахрейн мамилелеринин мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүнө кызмат кылаарына ишенимин билдирди, ошондой эле дипломатиялык миссиясында жемиштүү ишмердикти жана ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK