Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Борбор Азия өлкөлөрүнүн Сауд Арабиядагы Элчилери жана БАМКК Башкы катчылыгы ортосундагы консультативдик жолугушуусуна катышты

547

2023-жылдын 16-январында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Борбор Азия өлкөлөрүнүн Сауд Арабиядагы Элчилери жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин (БАМКК) Башкы катчылыгы ортосундагы консультативдик жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда тараптар 2022-жылдын 7-сентябрында Эр-Рияд шаарында Тышкы иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өткөн “Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши + Борбордук Азия” аталган аймак аралык стратегиялык диалогдун Министрлер деңгээлиндеги Биринчи жыйынынын жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Министрлердин жыйынында кабыл алынган 2023-2027-жылдарга карата соода, инвестиция, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт ж.б. тармактарда практикалык кызматташтыкты орнотууга багытталган Биргелешкен иш-аракеттер планына ылайык, тараптар ошондой эле 2023-жылы “БАМКК + Борбордук Азия” форматында мамлекет башчыларынын деңгээлинде стратегиялык диалогду баштоого даярдык көрүү маселелерин кылдаттык менен карап чыгышты.

Жолугушуунун катышуучулары өз өлкөлөрүнүн БАМКК жана Борбордук Азия мамлекеттери ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулууларын ырасташты.

Жыйынтыгында тараптар жолугушууда талкууланган өз ара аракеттенүү маселелерин илгерилетүү жана өзгөчө быйылкы жылы мамлекет башчыларынын “БАМКК + Борбордук Азия” форматында Саммитин уюштуруу боюнча тыгыз макулдашылган ишти улантууну макулдашышты.

Маалымат иретинде: Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши 1981-жылдын 25-майында түзүлүп, алты мамлекетти бириктирет – Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Сауд Арабия, Оман, Катар жана Кувейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK