КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев САПтын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-полковник Фаяд бин Хамед Аль-Рувайли башында турган САПтын аскердик делегациясын кабыл алды

479

2023-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-полковник Фаяд бин Хамед Аль-Рувайли башында турган Сауд Араб Падышалыгынын (САП) аскердик делегациясын кабыл алды.

Сөзүнүн башында Министр Ж.Кулубаев кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында Кыргыз Республикасына аскердик делегациянын биринчи сапарын канааттануу менен белгилеп, кыргыз тараптын Сауд Арабиясы менен көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде генерал-полковник Ф.Аль-Рувайли Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед Аль Сауддун жана САПтын Коргоо министри ханзаада Халед Аль Сауддун саламын айтып, ошондой эле анын делегациясына көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин түрдүү тармактарда өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешти жана аларды мындан ары да чыңдоого өз ара даярдыгын ырасташты. Ошондой эле аймактык коопсуздук жаатында кызматташуу жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар аскердик тармакта кызматташууну өнүктүрүү боюнча ишти улантуу жана актуалдуу маселелер боюнча биргеликте координациялоону жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK