Сауд Араб Падышалыгы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жөнүндө КР ТИМдин билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд Араб Падышалыгы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жана эки өлкөнүн аймагында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча жетишилген макулдашууну кубаттайт.

Тышкы иштер министрлиги тынчтык, өз ара урматтоо жана жакшы кошуналык рухунда сауд-иран мамилелерин калыбына келтирүү жана аны андан ары чыңдоо аракети бүткүл аймактын кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейт.