Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Мариповдун Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү Департаментинин Башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушуусу болуп өттү

105

2023-жылдын 5-апрелинде Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү Департаментинин Башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки жана көп тараптуу форматтарда кызматташуунун жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, кыргыз-сауд кызматташтыгынын бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн кадамдарын талкуулашты.

Ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий байланыштарды активдештирүү, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн аспектилерине токтолуп, тараптар бул уюмдардын шайлануучу органдарында өз өлкөлөрүнүн талапкерлерин өз ара колдоо маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Марипов Сауд Арабия Падышалыгы менен эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө ырааттуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын бекем ниетин баса белгиледи.

Өз кезегинде Башкы директор М.Алматрафи Сауд Арабиянын жетекчилиги өлкөлөр ортосундагы салттуу достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана бекемдөөгө кызыкдар экенине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлдеги пландалган иш сапарлардын жүрүшүндө кол коюу пландалып жаткан түрдүү тармактардагы келишим долбоорлорун илгерилетүү боюнча чараларды көрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK