КР ТИМдин 2023-жылдын 19-апрелиндеги билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Йеменде ок атууну токтотуу мөөнөтүнүн узартылышын жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды кубаттайт.

Министрлик, бул демилгелер Йемендеги көп жылдардан бери келе жаткан аскердик жаңжалды тез арада саясий жактан жөнгө салууга жана көптөн бери күтүлгөн тынчтыктын орношуна салым кошот деген үмүтүн билдирет.

Ошондой эле Министрлик, Сауд Араб Падышалыгынын Йемен элине гуманитардык жардам көрсөтүүдөгү аракетин кубаттайт.