Жидда-Бишкек-Жидда маршруту боюнча биринчи жолу үзгүлтүксүз түз аба каттамдары ачылды

129

Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилиги тарабынан Сауд Арабиясынын “Флайнас” лоукостердик авиакомпаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2023-жылдын 3-октябрында Жидда-Бишкек-Жидда маршруту боюнча биринчи жолу үзгүлтүксүз түз аба каттамдары ачылды.

Жидда шаарындагы Падыша Абдулазиз атындагы эл аралык аэропортунан “Манас” эл аралык аэропортуна каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

“Флайнас” авиакомпаниясы Сауд Арабия Падышалыгында жана Жакынкы Чыгышта 70тен ашык багыттарга (ички жана эл аралык) жумасына 1500 рейси менен алдыңкы арзан баадагы авиакомпания болуп саналат.

2007-жылы ишке киргизилгенден бери “Флайнас” өзүнүн каттамдарында 60 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыды жана алтынчы жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты арзан авиакомпаниясында төртүнчү жана Жакынкы Чыгышта биринчи орунду ээледи.

Flynas 8 жыл катары менен “World Travel Awards” сыйлыгы менен сыйланып, ал эми “Skytrax” тарабынан 3 жыл катары менен Жакынкы Чыгыштын алдыңкы арзан баадагы авиакомпаниясы деп аталды, ошондой эле “APEX” рейтингинде эң жогорку категориясына ээ болгон.

Ошондой эле буга чейин 2023-жылдын 22-августунда Жидда-Ош-Жидда багыттары боюнча “Флайнас” авиакомпаниясынын үзгүлтүксүз каттамдары ачылган.

Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосунда түз аба каттамдардын түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана туризм багыттарында эки тараптуу казматташууну өнүктүрүүгө түрткү берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK