Кыргызстанга Сауд Арабиядан жана Кувейттен 32 туристтик компания таанышуу турунун алкагында келишти

136

2023-жылдын 16-18-октябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Туризм департаменти, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Кыргыз туроператорлор ассоциациясы менен биргеликте, ошондой эле Кувейттик «Jazeera» авиакомпаниясынын жана «Ratehawk» сауд туристтик компаниясынын колдоосу менен Сауд Арабиянын жана Кувейт Мамлекетинин 32 туроператорлору үчүн Кыргызстанга фам-трип (тааныштыруу туру) уюштурулду.

Фам-трип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында өттү. Бул иш-чарага Сауд Арабиясынын Эр-Рияд, Даммам жана Жидда сыяктуу ири шаарларынан, ошондой эле Кувейт Мамлекетинин Кувейт шаарынан 8ден туристтик компания чакырылган.

Үч күндүк иш-чаранын жүрүшүндө бир катар G2B жана B2B жолугушуулары уюштурулду. Саудиялык жана кувейттик компаниялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын туристтик продукциялары, Бишкектеги мейманканалар жана популярдуу туристтик жайлар менен таанышты.

Фам-триптин негизги максаты - Кыргыз Республикасынын туризм тармагын колдоо максатында Сауд Арабиясынан, Кувейттен жана булуңдагы башка өлкөлөрдөн туристтердин агымын көбөйтүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK