Элчи У.Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Ички иштер министринин орун басары д-р Хишам Абдулрахман Аль-Фалех менен жолугушту

164

2023-жылдын 23-октябрында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Ички иштер министринин орун басары д-р Хишам Абдулрахман Аль-Фалех менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин өсүү динамикасын канааттануу менен белгилешти, ошондой эле терроризмге, экстремизмге, кибер жана баңги кылмыштарына каршы күрөшүүдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошону менен бирге тараптар жогоруда айтылган актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары белгиленген кылмыштардын өсүп бара жаткан коркунучу эл аралык укук коргоо потенциалын жана кылмыш ишинин салттуу жана жаңы түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү талап кылаары белгиленди.

Тексттери буга чейин эки өлкөнүн эксперттик топтору менен макулдашылган жана кол коюу стадиясында турган кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана эктрадициялоо тууралуу келишимдерге өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Хишам Абдулрахман Аль-Фалех Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабия Падышалыгынын Ички иштер министрликтери менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү максатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У.Ниязбековдун атынан Сауд Арабия Падышалыгынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигин өздөрүнө ыңгайлуу убакта иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK