Кыргызстандын жана Бахрейндин өзгөчө кырдаалдар кызматтары кызматташтыкты бекемдөөгө даяр

118

2023-ж. 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев Бахрейндин Жарандык коргонуусунун башкы директору Али Мохамед Жасим Юсуф Алкабайси менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажикеев белгилегендей, ЭЖКУнун Аткаруу кеңешинин 56-сессиясына катышуунун алкагында Бахрейндин Жарандык коргонуу дирекциясынын зор потенциалын жана тажрыйбасын эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында Кыргыз ӨКМИ менен Бахрейндин Жарандык коргонуусунун ортосунда кызматташууну түзүүнү, бекемдөөнү талкуулоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө биздин ведомстволордун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу маселесин кароо зарыл, анткени бул эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын укуктук негизи болуп, маселелерди өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну биргелешип жана тез арада чечүүгө мүмкүндүк берет.

“Мындан тышкары, жарандык коргонуу жаатында тажрыйба, маалымат жана технологиялар менен алмашуу, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринде жарандык коргонуу тармагында адистерди даярдоо, биргелешкен машыгууларды жана тренингдерди өткөрүү, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик таасирлерден коргоодо биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу”, - деп кошумчалады КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажикеев.

Өз кезегинде Али Мохамед Жасим Юсуф Алкабайси Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Бахрейндин Жарандык коргонуусу жана Кыргызстандын ӨКМи өз ара аракеттенүү, ошондой эле кызматташтыкты чыңдоо чөйрөсүн жигердүү кеңейте турганын белгиледи.

Соңунда ал кыргыз тарапты кырсыктарды башкаруу системасы менен таанышуу жана өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо үчүн Бахрейнге иш сапарына келип кетүүгө чакырды.

Андан ары тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берген мындан аркы кызматташуу ишенимин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK