Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев Сауд Арабиянын Жарандык коргонуусунун Башкы директору Мохаммед Месфер С.Альшамрани

111

“Кыргызстан Сауд Арабия Королдугу менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда анын ичинде Жарандык коргонуу, табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Сауд Арабиянын Жарандык коргонуусунун Башкы директору Мохаммед Месфер С. Альшамрани менен 19.10.2023-ж. болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, министрлик Сауд Арабиясы менен төмөнкүдөй багыттар боюнча өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.

- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, издеп-куткаруу жана суучулдар ишмердиги;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу;

- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.

Өз кезегинде Сауд Аравиясынын Жарандык коргонуу башкы директору Мохаммед Месфер С.Альшамрани жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди белгиледи. Ал ошондой эле ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев конокторго иш сапары жана ЭЖКУнун Аткаруу кеңешинин 56-сессиясына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Соңунда Мохаммед Месфер С. Альшамрани эки мамлекеттин кызматташуусунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулоо үчүн ыңгайлуу учурда кыргыз тарапты расмий сапар менен Сауд Арабиясына келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK