Каир шаарында Элчи У.Мариповдун Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуусу болуп өттү

165

2023-жылдын 17-декабрында Каир шаарында резиденциясы Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы Элчиси Улукбек Мариповдун Египетте жашап жана окуп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Элчи У.Марипов жарандарга өлкө жетекчилиги тарабынан социалдык-экономикалык тармакта, тагыраак айтканда, жаштарды жана билим берүүнү колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. У.Марипов чет өлкөлөрдө биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин алдында турган милдеттерге токтолду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандарына кыргыз-египет мамилелеринин учурдагы абалы жана аларды өнүктүрүү боюнча Элчиликтин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, Элчи У.Марипов Египетте билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын-студенттеринин көйгөйлөрү менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK