Элчи У.Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, Кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы А.Аль-Фадли менен жолугушуу өткөрдү

197

Ү.ж. 25-декабрында Эр-Рияд шаарында Элчи Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, Кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулла Аль-Фадли менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Элчи У.Марипов 2023-жыл кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун күн тартибинде кызуу жыл болгонун канааттануу менен белгиледи. Өтүп жаткан жылы чоң натыйжаларга жетишилгенин, атап айтканда, эки өлкө ортосунда жумасына 8 рейс жыштыгы менен түз үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылганын, кыргыз-сауд бизнес кеңешинин жаңы курамы түзүлгөнүн, өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн, 2023-жылы ар кандай деңгээлдеги сапарлар алмашылганын, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Сауд Арабиясына эки жолу жумушчу сапар менен келгенин, ал эми 2024-жылы анын САПка расмий сапары пландалып жатканын билдирди.

Элчи У.Марипов өлкөлөр ортосунда эбегейсиз зор потенциал бар, бирок ал азырынча толук ишке аша электигин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу жана соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташтыкты активдештирүү максатында ал 2024-жылы КРда өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, кыргыз-сауд бизнес форумун, ошондой эле Сауд Арабиясынын Кыргызстанда маданий күндөрүн өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде САПтын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри А.Аль-Фадли Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын жогору баалап, быйылкы жылы аткарган жемиштүү иштери үчүн Элчиликке ыраазычылык билдирип, түз аба каттамдардын ишке кирүүсү, албетте, өлкөлөр ортосундагы соода алмашуунун көлөмүн жогорулатуунун, туристтердин агымын көбөйтүүнүн жана эки өлкөнүн бизнес процесстерин өз ара интеграциялоонун негизги кыймылдаткычтарынын бири боло тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары А.Аль-Фадли эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылчылыгы тууралуу пикирге макул болуп, Элчинин сунуштаган демилгелерин жактырып, аларды ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешип иштөөнү улантууга, атап айтканда пландалган иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырууга күч-аракетти бурууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK