Элчи У. Марипов Сауд Аравиясынын Туризм агенттигинин аткаруучу директору Ф. Хамидуддин менен жолугушуу өткөрдү

123

Ушул жылдын 26-декабрында Эр-Рияд шаарында Элчи Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Туризм агенттигинин аткаруучу директору Фахд Хамидуддин менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи У. Марипов өтүп жаткан 2023-жыл ичинде Элчилик тарабынан аткарылган иштер, жетишилген жогорку натыйжалар, анын ичинде Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылганына кыскача токтолду.

Элчи кыргыз тараптын Сауд агенттиги менен туризм тармагында кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен бирге бул маанилүү тармакта мындан ары жемиштүү кызматташууну өнүктүрүү жана активдештирүү боюнча өз көз карашы менен бөлүшүп, бир катар сунуштарды айтты.

Тактап айтканда, Элчи У. Марипов түз каттамдардын ачылганын эске алып, 2024-жылы туризмди өнүктүрүү жана КРдан жана САПтан келген туристтердин санын эки эседен ашык көбөйтүү максатында Сауд Арабиясынын жана Кыргызстандын туроператорлору үчүн роудшоу жана фам-трип сыяктуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде САП Туризм агенттигинин аткаруучу директору Ф.Хамидуддин Элчиге жана анын командасына аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара аракеттенүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн тең жетиштүү тажрыйбасы жана потенциалы бар экенин белгиледи. Ошондой эле Ф. Хамидуддин Элчинин пикирине кошулуп, айтылган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багыттагы иштерди улантууну, анын ичинде келерки жылы Кыргызстанда жана Сауд Арабияда биргелешип роуд-шоу жана фам-трип өткөрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK