Мекке шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгынын Элчилигинин жардамы менен Сауд Арабиянын ар кайсы шаарларынан келген мекендештердин катышуусунда маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду

154

2024-жылдын 7-январында Мекке шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгынын Элчилигинин жардамы менен Сауд Арабиянын ар кайсы шаарларынан келген 150дөн ашык мекендештердин катышуусунда маданий жана спорттук иш-чаралар (футбол турнири жана ар кандай интеллектуалдык оюндар) уюштурулду.

Аталган иш-чарага КРдин Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов, ошондой эле КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Т.Абдыкаров жана КРдин Муфтийи З.Ракиев катышты.

Элчи У.Марипов жарандарга КРдин Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле аккредиттелген өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мелдештердин жана интеллектуалдык оюндардын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле, спорттук-маданий иш-чаранын катышуучулары үчүн түшкү жана кечки сый тамактар ​​уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK