Элчи Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Транспорт жана логистика министри Салех бин Насер Аль-Жасер менен жолугушту

211

Ү.ж. 16-январында Эр-Рияд шаарында Элчи Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Транспорт жана логистика министри Салех бин Насер Аль-Жасер менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи. Ал өткөн жылы аткарылган иштер жана жетишилген жыйынтыктарга кеңири токтолуп, мындан ары кызматташууну активдештирүү боюнча ой бөлүштү.

У.Марипов Падышалык менен транспорт жана логистика тармагындагы байланыштарды бекемдөө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү үчүн негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.

Сауд Арабиясынын үч континентти (супер аймакты) бириктирген аймактык транспорттук хаб болууга умтулуусун эске алып, ал Кытай жана Борбордук Азияны Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштыра турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук долбооруна катышууну сунуштады.

У.Марипов ошондой эле Эр-Риядда үч континенттин өлкөлөрүнүн ортосундагы товар алмашуунун эффективдүү маршруттарын түзүү максатында транспорт жана логистиканы өнүктүрүү темасында “Future Minerals Forum” жана “Future Investment Initiative” сыяктуу эл аралык форум өткөрүүнү сунуштады.

Ал ошондой эле эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы транспорт жана логистика тармагындагы кызматташуу боюнча документтин долбоорун демилгелеп, аны жакын арада боло турган эң жогорку деңгээлдеги сапарлардын учурунда кол коюуга даярдоону сунуштады.

Өз кезегинде САПтын Транспорт жана логистика министри С.Аль-Жасер Элчиге жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, КР менен САПтын ортосундагы транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары арттыруу боюнча айтылган сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиясынын Кыргызстан менен бул багытта мамилени чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал өкмөттөр ортосундагы кызматташуу боюнча тиешелүү документтин долбоорун даярдап, ага жакынкы сапарларда кол коюу зарылчылыгы тууралуу Элчинин пикири менен макул экендигин билдирди.

Ошол эле учурда С.Аль-Жасер бир нече жуманын ичинде Падышалыктын эл аралык жүк ташуу жана логистиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык форум өткөрүү демилгеси жарыялана тургандыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Соңунда министр С.Аль-Жасер өзүнүн кесиптешине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине Сауд Арабиясына ыңгайлуу убакта келүүгө чакыруусун жеткирип коюуну өтүндү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багыттагы иштерди улантууну жана айтылган демилгелерди координациялоо үчүн министрлик менен элчиликтин өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK