Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосундагы дипломатиялык, расмий жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө
Министрлик, 2022-жылдын 21-июнь күнү Манама шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Макулдашуу 2024-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирерин маалымдайт.
Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын жана Бахрейн Королдугунун жарандары – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотулат.