КРнын Сауд Арабиядагы Элчиси У.Марипов Сауд Араб Падышалыгынын Мамлекеттик инвестициялык фондунун (PIF) Улук директору, Кызыкдар тараптар менен байланыш департаментинин башчысы Мулхам Аль-Бакри менен жолугушту

108

Ү.ж. 19-февралында Элчи У.Марипов Сауд Араб Падышалыгынын (САП) Мамлекеттик инвестициялык фондунун (PIF) Улук директору, Кызыкдар тараптар менен байланыш департаментинин башчысы Мулхам Аль-Бакри мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен САПтын Мамлекеттик инвестициялык фондунун ортосундагы инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты чыңдоого байланыштуу бир катар маселелер каралды.

Элчи У.Марипов Кыргызстандын Сауд Арабиянын Мамлекеттик инвестициялык фонду менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилеп, ошодой эле Фонд менен мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пландар жана сунуштар тууралуу кеңири айтып берди. Ал кыргыз тарап биргелешип иштөө үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн жана керектүү преференциялар берилээрин белгиледи.

Өз кезегинде Улук директор М.Аль-Бакри Элчиге жолугушуу үчүн жана кызматташууну активдештирүү боюнча айтылган сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, Фонд Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө кызыкдар жана Фонддун максаттуу стратегиялык секторлоруна дал келген ири бизнес долбоорлорду өлкөдө ишке ашыруу боюнча кыргыз тараптын демилгелерин кароого даяр. Ушуга байланыштуу М.Аль-Бакри кыргыз тарапка Фонддун иш механизмин жана Фонд кайсы тармактарга инвестициялоону көздөп жаткандыгы боюнча изилдөөнү кеңеш кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багытта ишти улантууну жана жарыяланган демилгелерди координациялоо үчүн Фонд менен Элчиликтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты.

Маалымат үчүн: Сауд Араб Падышалыгынын Мамлекеттик инвестициялык фонду (PIF) жалпы активдери 776 миллиард АКШ долларын түзгөн дүйнөдөгү эң ири суверендүү фонддорунун бири. Ал Сауд Арабия өкмөтүнүн атынан каражат салуу үчүн түзүлгөн. Фонддун портфелинде 200гө жакын инвестиция бар, алардын 20га жакыны Саудиянын фондулук биржасында катталган.

PIF учурда Posco Engineering & Construction Co. компаниясынын 38% акциясына, Uberдин 5% үлүшүнө (3,5 миллиард доллар) жана Capcom жана Nexon видео оюн компанияларынын 5% үлүшүнө (1 млрд доллар) ээ. PIF ошондой эле жеке менчик Neom компаниясына, ошондой эле Live Nation концерттик дистрибьюторунун 5,7% үлүшүнө (500 млн долларга бааланган) ээ. 2020-жылы PIF Boeing, Meta Platforms жана Citigroup сыяктуу АКШнын ири компанияларында миноритардык акцияларына ээ болгон.

Аталган Фонд долбоорлорго үлүштүк инвестициялар, кредиттер же кепилдиктер аркылуу инвестициялайт. Ошондой эле ал ири мамлекеттик жана жеке өнөр жай долбоорлоруна орто жана узак мөөнөттүү насыяларды берет. Фонд аэрокосмостук өнөр жайга, энергетикага, жашыл технологияларга, тоо-кен өндүрүшүнө, телекоммуникацияларга, саламаттыкты сактоого, айыл чарбага, спортко ж.б. тармактарга инвестицияларды жасайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK